Биз менен байланышыңыз

Митингчилер УКМКга кирип, Алмазбек Атамбаевди алып чыгып кетишти

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1410 | 0

Бишкекте өтүп жаткан митингдин катышуучулары УКМКнын имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгып кетишти. Бул тууралуу анын видеосу да тарады.

Эскерте кетсек, нааразычылык акциясы 5-октябрь күнү 12:00дө башталган. Бара-бара эл чогулуп, 12 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, кайра өткөрүү талабын койгон. Кечки саат 19:30дарда митингдин катышуучулары ак үй тарапка бет алган. Күч органдары аларды көздөн жаш чыгаруучу газдар, резиналык октор менен таратууга аракет кылган. Бирок карапайым жарандар менен күч кызматкерлеринин тиреши күчөп, 6-октябрда саат 5терде Ак үйдүн басылып алынганы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM