Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Атамбаев, Ниязов, Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга келет

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 1068 | 0

Бүгүн, 20-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум болот. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, судья Азирет Медеровдун чечими менен дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Отурумга экс-президент Алмазбек Атамбаев, Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана экс-депутат Равшан Жээнбеков алып келинет.

Ага каалоочулардын баары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катыша алат.

Соттук отурум саат 14:00дө башталат.

Эске салсак, буга чейин 13-сентябрга белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 20-сентябрга жылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM