Дүйнөдө адам укуктарын коргоону милдеттенмеге алган өлкөлөрдө Акыйкатчы институту иштейт. Бул институт жарандардын конституциялык укуктары жана эркиндиктерин сактоону жүзөгө ашырат.
«Акыйкатчы» түшүнүгүнүн тарыхына кайрыла турган болсок, бул кызмат алгач 18-кылымдын башында шведдерде пайда болгон. Кийин акыйкатчы институту толук кандуу формада Финляндия (1919), Эстония (1938), Норвегия (1952), Дания (1953) ж. б. Скандинавия өлкөлөрүнөн Европа, Америка, Азия, Африка, Океаниянын көптөгөн өлкөлөрүнө кеңири тараган. Азыркы учурда дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндө акыйкатчы институту бар.
Ал эми Акыйкатчы институту расмий түрдө 2002-жылы түзүлгөн. Туңгуч акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болгон. Акыйкатчы Жогорку Кеңеш тарабынан беш жылдык мөөнөткө шайланат. Акыйкатчы институту — адамдардын жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган, парламенттин алдындагы көз карандысыз орган.
Акыйкатчы ким?
Акыйкатчы (омбудсмен)жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоону жүзөгө ашырат.
СНХ: “Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин талашкан жарандардын, арыздардын жана арыздануучулардын укуктары менен эркиндиктери бузулган учурларда карайт. Акыйкатчы кандай гана учурда болбосун, тиешелүү органга жөнөтүлгөн даттануу жана аппеляцияны белгилүү бир мөөнөттө жана түрдө карап чыгуусуна кам көрөт”.
Маанилүү:
Акыйкатчы(омбудсмен) институтуна: жарандыгы жок эле, улуту, расасы, диний жана саясий көз карашы, жашаган жери, жынысы, курагына карабастан кайрыла алышат.
Акыйкатчыга арызды кантип жазуу керек?
Арыздар адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери бузулган күндөн тартып, бир жылдын ичинде берилсе болот. Өзгөчө жагдайларда бул мөөнөт эки жылга чейин узартылышы мүмкүн”.
Арыз терилип же кол менен кадимки баракта жазылышы
Арыз берүүчү жагдайды, окуяны, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамынын аракеттерин же аракетсиздигин толугу менен жазып көрсөтүшү керек.
Акыйкатчыга кайрылуу же арызды кайда жиберүү керек?
СНХ: “Жарандар жазган арыздарын акыйкатчы аппаратына, кат түрүндө Кыргыз Почтасы аркылуу жиберсе болот. Ошондой эле Омбудсмен аппаратынын электрондук почтасы аркылуу, жана акыйкатчынын коомдук кабылдамасына келип түз кайрылса болот. Дареги Касым Тыныстанов көчөсү 120. Ошондой эле акыйкатчынын 115 шыр байланыш линиясына чалсаңыз болот. Чалуу акысыз”.
Акыйкатчы институтуна жазылган ар бир арыздын мүнөзүнө жараша, акыйкатчынын аппаратында тийиштүү бөлүмдөр иш алып барат. Акыйкатчынын мандатына ылайык,кайрылган жарандарга юридикалык жана укуктук кеп-кеңештерди берип, сот отурумдарына мониторинг жүргүзөт.
Билип алыңыз:
-Эгерде кайрылуу сотто каралып жаткан болсо, акыйкатчы(омбудсмен) аны карабайт;
-Акыйкатчы(омбудсмен) маалыматтын купуялуугуна жооп берет(аны үчүнчү жактарга жайылтпайт);
-Эгерде сизден арызды алуудан баш тартышса, анда акыйкатчы же анын өкүлү түшүндүрүп бериши керек.
Дагы кандай учурда акыйкатчыга(омбудсменге) кайрылса болот?
-Эгерде сиз, мамлекеттик орган ЖӨАБ(МСУ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы тарабы сизге карата мыйзамсыз мамиле жасалды деп эсептесеңиз.
-Эгерде баланын укуктары жана эркиндиктери бузулса.
-Зомбулук фактысына күбө болгон учурда жана жабырлануучуга укуктук жардам керек болгондо,
Акыйкатчынын институту:
-Сиздин укукту жана эркиндикти коргойт
-Мамлекеттик жана муниципалдык оргондардын сиздин укуктарды сакташына жана укуктарды урматташына көзөмөл жүргүзөт.
-Сиздин укуктарды жана эркиндиктерди бузууну дискриминациянын каалаган формасын алдын алууну эскертет.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Акыйкатчысы учурда Жамиля Жаманбаева.
P.S Бул макала БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосунда даярдалды.