Биз менен байланышыңыз

Майыптыгы бар балдардын ата-энелери туш болгон көйгөйлөрдү аташты

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 851 | 0

Майыптыгы бар балдардын ата-энелери мамлекеттен турак жайларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала албай, оорулуу балдарына дары-дармектерди арзандатылган баада сатып ала албай жатышат. Ата-энелер бул көйгөйдү 19-февралда Акыйкатчы Токон Мамытов менен жолугушууда айтышты.

Ата-энелердин айтымында, акыл-эсинин өсүүсү кечеңдеген же артта калган балдарга керектүү дары-дармектер өтө кымбат. Ошондой эле алардын балдары эки жыл сайын текшерүүдөн өтүшү керек деген талапка нааразы болууда

Андан тышкары балдарын мектепке чейинки мекемелерге жана мектепке жайгаштыруу кыйынга турууда. Анткени ал жактардагы орундардын саны чектелүү, а түгүл акыл-эс бузулуулары жана патологиясы бар балдар үчүн мектепке чейинки мекемелерде тиешелүү адистердин — дефектолог, логопед, психолог жана психиатрлардын саны жетишсиз экенин айтышты.

«Бул жерде акыл-эсинен жабыркаган балдар жөнүндө гана эмес, угуусу жана көрүүсү начар, ошондой эле сүйлөө функциясы начар өнүккөн балдарды дагы эске алуу керек», — дешти ата-энелер.

Акыйкатчы билдиргендей, 2019-жылы Кыргызстан тарабынан ратификацияланган Бириккен Улуттар Уюмунун «Майыптардын укуктары жөнүндө» конвенциясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ушул жана башка көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Ал 2019-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 181 миң 400 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турса, анын ичинен 29 миң 900 адам балдар экенин белгиледи.

«Ушул конвенцияны ратификациялап, Кыргызстан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эл аралык стандарттардын минималдуу ченемдерине жооп берген шарттарды камсыз кылууга милдеттенме алган. Өкмөт бул көйгөйлөрдү карап чыгып, чечиши керек», — деди Мамытов.

Copyright © 2017 Maral FM