Биз менен байланышыңыз

«Кылмышкерди экстрадициялоо үчүн кайрылуу жазганды үйрөнүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Апр 2021 | 1819 | 0

Кыргызстанда тийиштүү адистер башка мамлекеттерден кылмышкерлерди экстрадициялоодо кайрылууларды туура жазганды үйрөнүшү керек. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«7-8 жыл мурда экстрадиция боюнча кайрылуу жасаганда, адистик деңгээли төмөн болгондуктан, ойду-тоону жазып жиберишкен. Кайрылууну шурудай тизип, фактыларды келтирип, эл аралык стандартка, эки өлкөнүн мыйзамдарына анализ жүргүзүп жазганда иштин аягы чыгат. Жөн гана «КРдин укук коргоо өкүлүнө муну берип кой» дегенден майнап чыкпайт. Бизде көбүнчө ушундай болуп жатат. Ошондуктан кылмышка шектүүлөрдү башка мамлекеттерден ала албай жатабыз», — дейт Мамытов.

Анын айтымында, кылмышка шектүүлөрдү экстрадициялоо боюнча Кыргызстанда саналуу гана мамлекеттер менен келишим бар.

Copyright © 2017 Maral FM