Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Отунбаева Ош коогалаңы боюнча акыйкат баасын берген

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Апр 2021 | 3998 | 0

Ош коогалаңы боюнча УКМКнын ошол кездеги аракеттерине Убактылуу өкмөттүн жетекчиси, экс-президент Роза Отунбаева жакшы баа берген. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Марал» радиосунун «5+1» программасынын жүрүшүндө айтып өттү.

«Отунбаева УКМКнын ощол кездеги жетекчилигин сындап: бизге Ош базарындагы ушактарды чогултуп берип жатат, — деп айткан. Мына баа. Роза Отунбаеванын айтканы акыйкаттуу эле болгон. Парламенттик комиссия, УКМК Ош коогалаңын көрүп туруп токтото албай калды деген жыйынтык чыгарганбыз»,  дейт Мамытов.

Анын айтымында, Убактылуу өкмөт Ош коогалаңында кадрларды тандоодо мүчүлүштүк кетирген. Тагыраагы, түндүктө жана түштүктө эки комиссия түзгөн. Түндүктөгүсүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жетектеген, бирок анын иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Ал эми түштүктөгү комиссияны мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жетектеп, ал ири укуктарга ээ болгон.

«Бирок Исаков аскер адамы, ага улуттар, дин аралык маселелер үйрөтүлгөн эмес. Мындай маселени ИИМ менен УКМК жакшы иликтейт. Комиссиянын жетеккчилигине ушул эки органдын өкүлдөрүн коюшса туура болмок», — дейт акыйкатчы Токон Мамытов.

Copyright © 2017 Maral FM