Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Июнь окуясын иликтөө саясий куугунтукка айланбашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Апр 2021 | 1821 | 0

2010-жылдагы Июнь окуясын иликтөө саясий өч алуу максатын көздөсө, объективдүү баа берилбейт. Мындайда 20 жылдан соң дагы бир комиссия уюштурууга туура келет. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, иликтөө ишин саясий куугунтукка айландырбоо керек. Эгерде андай болуп кетсе, эл аралык уюмдардын чоң сыны күтүп турат.

Ииликтөөнүн жыйынтыктарын ар бир улуттун өкүлдөрү туура кабыл алганда гана, адилеттүү баа берилген болуп эсептелет.

«Бийлик бул маселени бир гана командасындагы адамдар менен чечүүсү туура эмес. Бийликке жакпаса да мыкты адисти алып келип, иликтөөгө жардам беришин айтуу керек. Кыргызстанда 10-15 киши саясий элитага жарайт. Аларды пайдалануу кажет», — дейт Мамытов.

Copyright © 2017 Maral FM