Биз менен байланышыңыз

«Чиновниктер элдин келечегин талкалап, үмүтүн уурдап койду»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 780 | 0

30 жылда чиновниктер элдин келечегин талкалап, үмүтүн уурдап койду. Ошондуктан эл эмне кыларын билбей калды. Мындай пикирин акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мурдагы коммунизм, социализм жок, азыр базар экономикасы. «Капитализмди куруп жатабыз» деп дүйнө жүзүнө жарыялап койдук. Бүгүн аялдарга, балдарга карата зомбулукту жоюу үчүн үй-бүлөлүк тарбия, мамилелерди көтөрүшүбүз кажет. Ал үчүн социалдык жана экономикалык маселелерди чечип, маданият, билим деңгээлин жогорулатуу зарыл», — дейт Мамытов.

Анын айтымында, маданияттуу, билимдүү үй-бүлөдө зомбулук болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM