Биз менен байланышыңыз

«Ош коогалаңында эки улуттун өкүлдөрү бири-бирин сактап калганын да эске алуу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Апр 2021 | 1690 | 0

Ош коогалаңында эки улуттун өкүлдөрү бири-бирин сактап, жардам берген. Окуяны кайра иликтеп баа берүүдө ушундай жагдайларды эске алуу маанилүү. Мындай пикирин акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Июн окуяларын иликтеген комиссиялар, анын ичинде парламенттик комиссия «бул кызматкер милдетин так аткарган эмес, мунусу бөлүп жарган» дегендей күнөөлөгөн таризде отчет жазган. Бирок ошол кезде өзбектер кыргыздарды, кыргыздар өзбекерди сактап калган учурлар болгон.

«Адамгерчиликтүү адамдар да болгон. Эмне үчүн буларды белгилебейбиз? Окуяны кайрадан иликтөөдө артык кылам деп, тыртык кылып албоо зарыл. УКМК юридикалык жагына гана көңүл бурса… Эки элдин ынтымагына өзгөчө көңүл буруш керек. Кайсы бир чиновник маданияты, билими жоктугунан, акылы тайкылыгынан одоно аракет кылса, тергөөнү токтотуп, аны камап андан ары ишти улантуу зарыл. Ошондо элдин ишеними пайда болот», — дейт Мамытов.

Copyright © 2017 Maral FM