Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Ош окуясын иликтөөдө айыгып келе жаткан жараны ырбатып албайлы

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Апр 2021 | 2653 | 0

Президент Садыр Жапаровдо эл билбеген маалыматтар бар болгондуктан УКМКга 2010-жылдагы Июнь окуясын иликтөө тапшымасын берген болушу мүмкүн. Бул тууралуу акыйкатчысы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Ош коогалаңына тагыраагы, ошол кездеги бийликке, күч түзүмдөрүнө, алардын өкүлдөрүнө укуктук, юридикалык баа берүү пландалышы ыктымал.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «айыгып келе жаткан жараны ырбатып» албоого аракет жасоо зарыл. УКМК аяр мамиле кылса, алдына коюлган максат ишке ашат. Ишти кайра кароо улуттар аралык жаңжалдарга жем таштабайт. Анткени азыркыга чейин өзбек улутундагы Кыргызстандын жарандары тарабынан мыйзамсыз соттоо, тергөө боюнча кайрылуулар болуп жатат.

«УКМК буга да көңүл бөлүп, жардам берер. Мага кайрылышса, айрым арыздарды жиберем. Аяр мамиле кылып, туура мамиле кылынса, улуттар аралык кастыктар орун албайт. Мындайга жол бербөөгө аракет кылуу зарыл», — дейт Мамытов.

Ал кошумчалагандай, Июнь окуясын бир нече комиссия иликтеп, материалдардын баары Башкы прокуратурага берилген. Бирок коомчулук аталган орган эмне кылганы боюнча жыйынтык биле алган жок. Мындан улам иликтөө иштери  УКМКга тапшырылды.

Ал эми коогалаңды иликтеген комиссиялардын жыйынтыктарында айырмачылыктар болгонун да баса белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM