Биз менен байланышыңыз

«Аялдардын мүмкүнчүлүгүн чектөө — акылсыздык»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Мар 2021 | 1249 | 0

Пандемияда, коронавирус менен күрөштө аялдарга теңдешсиз жүк жүктөлгөнү далилденди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдургүл Кендирбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясы адамдардын ой жүгүртүүсүнө таасир этип, аларга жасалган зомбулук күчөгөнүн көрсөттү.

Кендирбаева карантин учурунда бейтапканаларда эмгектенген аялдардын түйшүгү тууралуу кеп кылды.

«Медицина тармагында иштеген айымдарды доор өзгөрткөн аял лидерлер деп айтууга болот. Анын артында жаңы маданият жаралды. Бирок аялдардын эмгеги эске алынбай, «ордуңа отур», «тай туйлап, такка чыкмак беле», «алтын баштуу аялдан — бака баштуу эр артык», «эл эмне дейт» деген принциптердин дагы деле кетпей жүрүшүнө аялдардын мээнети далил болот», — дейт Кендирбаева.

Ал белгилегендей, пандемияда аялдар иштеген бизнестердин басымдуу бөлүгү токтоп калган. Бирок айымдар кырдаалдан чыгууда лидерлигин көрсөтө алышты. Маселен, Кадамжайда аялдар малиналарды тоңдуруп сатып, электрондук соодага өтүшкөн.

Буларды көрүп туруп, күч колдонуу менен аялдардын мүмкүнчүлүгүн чектөө — акылсыздык.

Абактагы аялдардын 80%ы өзүн же баласын коргоо үчүн жолдошуна кол салган же зыян келтирген. Ал эми өлкөдө ар бир жыйырма үчүнчү аял өмүр бою күйөөсүнүн кордугун көрүп жашайт. Ар бир онунчу кыз жашы жете электе турмушка чыгат. Коом өзгөрүп, кризис чоң чакырыктарды, өзгөрүүлөрдү талап кылууда.

Социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу үчүн чечүүчү кызматтарда, Жогорку Кеңеште аялдар болушу керек.

«Анткени өкүлчүлүк болбосо, маселе жеткиликтүү болбойт. Жергиликтүү кеңештин шайлоолорунда эл дарыгер менен мугалимдерди колдоп, шайлашы керек. Жергиликтүү кеңеште, парламентте аялдар коррупционер болгонун далилдеп айта аласыңарбы? Криминал менен аралашкан аялды көрдүңүз беле?» — дейт Кендирбаева.

Copyright © 2017 Maral FM