Биз менен байланышыңыз

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын 80 %ы аялдар»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2020 | 668 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо бөлүмүнүн башчысы Айкөл Тургунбаева «Маралга» берген маегинде дүйнөдө, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук күч алып, негизги көйгөйлөргө айланганын билдирди.

Анын айтымында, акыркы он айда Кыргызстанда 7269 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталган. Бул көрүнүш карантин учурунда 65 %га чейин өскөн.

«Анын негизги себептери, баарыбыз үйдө болуп, аялдардын иштери көбөйдү. Жумушсуздук күч алып, көпчүлүк иштебей калды. Үй-бүлөдөгү атмосфера да чоң таасирин тийгизди», — дейт Тургунбаева.

Ал акыркы он жылдык статистикага токтолду. Алсак 2013-жылы 2700дөй зомбулук катталса, учурда бул сан 700дөн ашты.

«Мурда зомбулукка кабылган жаран милицияга өзү гана кайрылышы зарыл болчу. 2017-жылы тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жабыр тарткан адам тууралуу бардык жарандар милицияга кайрылууга укук алды. Сандын өсүшүнө бул да таасир этти», — дейт Тургунбаева.

Зомбулуктун психологиялык, социалдык, экономикалык, физикалык түрлөрү бар. Зомбулукка кабылгандардын 80%ын аялдар ээлейт. Булардан тышкары жаш балдар, улгайган адамдар, майыптар да көп кабылат.

Copyright © 2017 Maral FM