Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ишкер айымдардын укуктарын коргогон коалиция түзүлдү

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Фев 2022 | 1198 | 0

2021-жылдын 22-декабрында ишкер аялдардын кызыкчылыгын коргогон жана гендердик зомбулук менен күрөшүү боюнча иш алып барган 22 уюм биргелешип иштөө үчүн коалиция түздү. Бул тууралуу коалициянын Борбор Азиядагы аймактык координатору Асел Кубанычбекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Аталган коалициянын негизги максаттары аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик зомбулукту азайтуу, ишкер аялдар үчүн шарттарды жакшыртуу, ишин андан ары өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Кубанычбекова белгилегендей, келечекте бул максаттар жүзөгө ашырылса, аялдардын бизнес жасап, өлкөнүн экономикасына салым кошуусуна мүмкүндүк берет. Анын негизинде басмырлоо, зордук-зомбулук азаят.

Коалиция мүчөлөрү өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Алар эки жыл аралыгында аймактардагы ишкер айымдарга да көмөк, колдоо көрсөтүү жаатында иш жүргүзөт.

Коалицияга мүчө болгону каалаган ишкер айымдар wage_ca.kg (Instagram Facebook) социалдык тармактагы баракчалардан же +996 777 020 897 номуру аркылуу маалымат алышса болот.

Copyright © 2017 Maral FM