Биз менен байланышыңыз

«Балдар жөнүндө кодексти бийлик өкүлдөрү колдобой койгон»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2022 | 643 | 0

Президентке «Балдар жөнүндө» кодекс кабыл алуу боюнча кайрылганбыз. Тилекке каршы, сунушубуз колдоо тапкан жок. Бул тууралуу «Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ар кандай жүйөлүү эмес себептер, шылтоолор айтылып, кодекс кабыл алынбай калган. Анан калса, жардамчылары да, Жогорку Кеңештин аппараты да аталган кодекс тууралуу жалган, так эмес маалымат жеткиришип, президентти баш тарттыртып коюшкан.

«Президентке «балдар жөнүндө кодексти ишке ашыруу үчүн 7-9 млрд сомдун тегерегинде каражат керектелет, бул өтө кымбат» деген туура эмес маалымат жеткирилген. Болбосо кодекске болгону 160 миллион сом керек болчу», — дейт Турдубекова.

Copyright © 2017 Maral FM