Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар кайда кайрыла алат?

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2020 | 889 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо бөлүмүнүн башчысы Айкөл Тургунбаева «Маралга» берген маегинде үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар кайрыла турган даректерди атады.

Анын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандар:

  • жашаган жери боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарына;
  • кризистик борборлорго;
  • Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин «111» кыска номуруна;
  • Милиция кызматынын «102» кыска номуруна;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» кыска номуруна кайрылууга тийиш.

«Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтынан кризистик борборлордун даректерин жана телефон номурларын таба аласыздар», — дейт Тургунбаева.

Copyright © 2017 Maral FM