Биз менен байланышыңыз

Сокулуктагы наристенин сабалышы: Чыныгы маалымат жашырылып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2022 | 2411 | 0

Сокулукта сабалган наристенин диагноздору так айтылбай жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Аскат Азарбеков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, тажрыйбалуу дарыгерлер баланын так диагнозун айта албай жаткандары таң калыштуу жана күмөн ойлорду пайда кылууда. Ошол эле учурда жаралган көйгөйгө мамлекеттик кызматкерлер кайдыгер карап, кылмышты жаап-жашыруу аракети болуп жатканына кооптонуусун билдирди.

«Мен мамлекеттик органдын кызматкери катары айта албайм, бирок адам катары айта алам. Эмне үчүн наристенин жыныстык органында тиликтер болуп жатса, дарыгерлер «водянка» деген диагноз коюп жатышат?! Эмне үчүн денеси көгала болуп, кулактары сынып, наристе сабалганы көрүнүп турса да, «бала зордук-зомбулукка кабылган» деп айтпай жатышат? Түшүнүксүз болууда», — деди Азарбеков.

Наристенин апасы күйөөсү буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иши Сокулук райондук сотунда кароодо турганын айтып берген. Андан тышкары ал Өзбекстандын жараны экени аныкталган.

Азарбеков Сокулуктун соту буларды билип туруп, депортация кылуу же башпаанек берүү маселесин карабай койгонун сынга алды. Ушул өңдүү майда маселелерден чоң көйгөй жаралып жатканын белгилеп өттү.

Эске салсак, 3-февралда Сокулук аймактык ооруканасына аёосуз сабалган 1 жаш 8 айлык наристе алып келинген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектелип, апасы менен чогуу жашаган жаран А.С. кармалган. Наристе кечээ күнү Бишкек шаарындагы №3 ооруканага которулду.

Copyright © 2017 Maral FM