Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту өлкөдөгү балдардан кабар алуу үчүн өнөктүк жарыялады

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2022 | 650 | 0

Кыргызстанда кечээтен баштап балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Азарбеков өнөктүк жарыялоого акыркы кезде балдардын зомбулукка, аёосуз ур-тепкиге кабылган учурлары көбөйүп кеткени себеп болгонун айтат. Бул маселе боюнча иш план бекитилген, анын негизинде үч багытта иш алып барылат.

Бир айлыктын негизги максаты бул жагдайга коомчулуктун назарын буруу, юридикалык-укуктук милдеттерди элге жеткирүү болуп саналат.

Өнөктүк маалында жергиликтүү мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер менен биргеликте иш жүргүзүлүп, бул жааттагы көйгөйлөр чогуу талкууланып, чечүү жолдору каралат. Анын негизинде жергиликтүү органдардын жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери ар бир үйдү кыдырып, андагы балдардын абалы, жашоо-шарты менен таанышып чыгат. Ар бир райондо балдар укуктары боюнча иш алып барган комитеттерден отчёт талап кылынат.

Өлкөдөгү балдардын абалы боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен да статистикалык маалыматтар алынган. Бир айлыкта ал да каралып, көрүлгөн чаралар, аткарылган иштер текшерилет.

Copyright © 2017 Maral FM