Биз менен байланышыңыз

Балдардын жайкы каникулун пайдалуу өткөрүү боюнча кеңештер

Блог , Кыска кабар | 27 мая 2021 | 2302 | 0

Окуу жылы аяктап, окуучулардын 3 айлык каникулу башталды. Бул учурда «Балдардын жайкы эс алуусун канткенде пайдалуу, кызыктуу өткөртө алам?» деген ой ар бир ата-энени түйшүккө салат. Бул маселе боюнча атайын адистердин кеп-кеңешин угуп көрдүк. 

Жайкы каникул — балдардын күч топтоосу, көптөгөн кызыктуу нерселерди үйрөнүүсү үчүн ыңгайлуу учур. Бул убакытта эс алуу менен бирге өзүн өнүктүрүүгө арналган иштерди жасаганы дурус. Бул тууралуу «SOS балдар айылы» коомдук фондунун психологу Нуриза Батырбекова билдирди. Анын айтымында, эс алуу жана өнүктүрүү шартын балдардын жаш курагына жараша түзүү керек.

«Бардык нерсе чеги менен болушу керек. Мисалы: эс алуу да, өзүн өнүктүрүү да. Балдардын курагына жараша өзгөчөлүктөрү бар. Дегеним, өспүрүмдөргө бири-бири менен баарлашуу маанилүү; кичирээк балдарга ата-энеси менен болуу көбүрөөк пайдалуу. Ошондуктан ата-энелер балдардын жашына, каалоосуна ылайык окутууларды, жолугушууларды же кызыктуу оюндарды ойлоп табышы керек. Балдарга активдүү жашоо образын жүргүзүү аябай маанилүү. Баласын ийгиликтүү чоңойтом деген ата-эне — аны активдүү жашоо образына көндүрүшү керек». 

Гештальт-психолог Венера Урманбетова учурда балдар интернетке көз каранды болуп, бири-бири менен сүйлөшпөй, коомдон алыстап бара жатканын белгилейт. Урманбетова биринчи кезекте каникулда балдарды интернеттен алыс кылып, аларды ар тараптуу өнүктүрүп, алаксытуу керек деген пикирде. Айрыкча өткөөл курактагы балдарга көңүл бөлүп, аларга ата-энелери тарабынан өзгөчө мамиле жасоосу зарыл экенине токтолду.

«Балдарды каникулга шаар четиндеги үйгө же айылга жөнөтүү керек. Себеп дегенде алар үйдө камалып, интернетке байланып отура беришет. Ата-энеси үй оокат боюнча бир тапшырма берсе, аны кыжыры келип, нерв болуп жасайт. Айрыкча өспүрүм куракта алардын маселелери аябай көп. Достору менен, ата-энеси менен болгон мамиле оорлоп баштайт, мүнөзү өзгөрүп баштайт. Ата-энелер да азыр башкача болуп калышкан, алар да балдарын түшүнүүгө аракет кылып, алар менен сүйлөшүп, жашоосу тууралуу кызыгып сурап турушу керек. Эгерде балдар өспүрүм курагын начар шартта же түшүнбөстүктө өткөрсө, анда бул терс көрүнүштөргө айланып, бойго жеткенде оор кесепетин тийгизет».

Каникул сөзсүз пландалып өткөрүлүшү керектигин Билим берүү боюнча эксперт Жаныбек Убайдуллаев айтат. Ал жайкы каникулду пайдалуу өткөрүүнүн бир нече түрүн санап берди:

«Биринчиси, айылда туугандарыбыз, ата-апабыз бар, балдарды алар менен учураштырып туруу керек. Себеби азыркы замандын балдары тууганчыл болбой, туугандарын такыр тааныбай, унутуп калып жатышат.

Экинчиси, Кыргызстанда мисалы, Сары-Челек, Арсланбап, Сулайман-Тоо, Соң-Көл сыяктуу өтө көп тарыхый, кооз жерлерибиз бар. Ошол жактарга саякат жасаткан да жакшы.

Үчүнчүсү, балдырыбыз азыр телефон, планшет, компьютерден башын көтөрбөй калды. Быйыл өзгөчө окутуу онлайн болуп, аябай күч алды бул көрүнүштөр. Ошондуктан сөзсүз китептерди окууну сүйдүртүшүбүз керек. Аларга жаккан же ылайыктуу китептерди алып келип, чогуу окуп, «китеп окуу» программаларын уюштуруп, балдарды кызыктырышыбыз керек.

Төртүнчүсү, мектептеги мугалимдер берген үй тапшырмаларды аткарышы керек. Ошол тапшырмаларды аткарууда аларга жардамчы болуп, түшүнбөгөн жерлерден урушпай, кайрадан дем-күч берип, шыктандырып, жардамчы болушубуз керек».

Каникул көбүрөөк пайдалуу болушу үчүн эскперттер сунуштаган мындан башка да бир топ кеңештерди чогулттук:

  1. Ден соолукту чыңдоо үчүн төмөнкүлөр пайдалуу:

-Бассейнге барып, сууда сүзүү;

-Парктарга же атайын веложолдорго барып велосипед тебүү;

-Достор менен сейилдөө;

-Спортту өздөштүрүү же жаңы спорттун түрүн үйрөнүү.

      2.  Өзүн өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер:

-Азыр курстар түрү көп. Андыктан өзүңүз кызыккан курстарга барып, жаңы нерселерди үйрөнүңүз. Мисалы: тил курстары; музыкалык курстар (ырдоо, музыкалык аспаптар); кыздар үчүн тигүү же тамак жасоону үйрөткөн курстар; компюьтердик курстар;

-Китептерди көбүрөөк окуу. Азыр көп ар кандай китеп дүкөндөр бар, ал жакта ар кандай жанрда китептер сатылат. Китеп окуу ийгиликтүү адам болууга түрткү берет.

      3.  Коомго аралашуу: 

Коомдук жайларда эс алуу: албетте, бул учурда эпидемиологиялык абалды да эске алуу керек;

-Тарыхый, маданий (музей, театр, концерт сыяктуу) жайларга баруу: өзүңүз эле барбай, досторуңуз менен же ата-эне, туугандарыңыз менен барган алда канча кызыктуу болот;

-Китепканаларга баруу: китепти үйдөн окуганга караганда, бул жактан окуу алда канча таасирдүү болорун эксперттер эскертет;

-Досторуңуз менен бирге акыл-эсти өнүктүргөн оюндарды ойноо;

-Муктаж болгондорго жардам берүү үчүн ыктыячы болуу;

-Кызыккан нерселерди үйрөнүү үчүн жайкы лагерге же сабактарга жазылуу.

Copyright © 2017 Maral FM