Биз менен байланышыңыз

3 айда 105 бала жол кырсыгынан жабыркады

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 933 | 0

Бишкекте акыркы 3 айда балдар да катышкан 93 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу борбор калаанын патрулдук милиция кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ушул айларында арасында балдар болгон 108 жол кырсыгы катталган. 2021-жылдын январь-март айлары аралыгында 105 өспүрүм кырсыктан жабыркаган, былтыркы жылы бул көрсөткүч 130 баланы түзгөн.

Жалпысынан биринчи кварталда жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыгы 17,3 пайызга кыскарган.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында жалпы 88 миң 299 жол кырсыгы катталган. Жолдо жүрүү эрежесин бузгандар көбөйгөнү белгиленди. Былтыркы жылы бул аралыкта 29 миң 795 протокол түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM