Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Жол кырсыгынан бир жаран каза болуп, төрт киши жаракат алды

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 676 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун 384 чакырымында «ВАЗ Жигули» унаасы менен “Мерседес-Бенц Спринтер” жүргүнчү ташыган унаасы кагылышып, анын кесепетинен бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсыктын кесепетинен «Жигулинин» айдоочусу 1985-жылы туулган Т. М. аттуу Токтогул районунун тургуну каза болгон.

“Мерседес-Бенц Спринтер” унаасында айдоочу жана 9 жүргүнчү болгон. Төрт жүргүнчү жеңил жана орто жаракат алып, тез жардам кызматы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилип, абалдары канааттандырарлык экени аныкталган.

Аталган жайга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 куткаруучусу саат 22:39да барып,  кырсыктын кесепетинен унаада калган жүргүнчүлөрдү чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM