Биз менен байланышыңыз

Осмонов: Акыркы 20 жылда жол кырсыгынан 20 миң адам каза болгон

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 930 | 0

Кыргызстанда акыркы убакта коопсуздук маселеси солгундап кетти, айрыкча Ички иштер министрлигинин иши жана жол коопсуздугу. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов бүгүнкү жыйында билдирди.

Осмоновдун айтымында, айдоочулук күбөлүктөр коррупциялык жол менен сатылып жаткандыктан жол кырсыгы көбөйдү.

«16-августтан 24-авгуска чейин өлкө боюнча 29 жаран жол кырсыгынан көз жумду. Согуш убагында да мындай болгон эмес. Кыргызстанда акыркы 20 жыл ичинде 106 миң 986 жол кырсыгы катталган. Андан 20 миң 47 адам каза болгон. Бул деген жылына миңден ашуун жаран каза табууда дегендик. Андан сырткары жол кырсыктарынан акыркы 20 жылда 169 миң 51 киши ар түрдүү жаракат алып, майып болуп калышкан. Мындан сырткары 26 миң 700 жол кырсыгы балдардын катышуусунда болгон. Булардын баары эмнеден болуп жатат?» — деди Осмонов.

Ошондой эле эл өкүлү Кыргызстан боюнча 275 автомектептин 135и талапка жооп бербей турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM