Биз менен байланышыңыз

Мектеп автобусу кырсыкка кабылып, 16 бала жабыркады

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 765 | 0

«Манас» аэропортунун трассасындагы кырсыктан 16 бала жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Манас» аэропорту — Бишкек унаа жолунда мектеп автобусу катышкан жол кырсыгы катталган. Тез жардам кызматына чакыруу саат 11:15те түшүп, кырсык болгон жерге эки бригада жөнөп кеткен.

Жабыркагандар тез жардам кызматы жана жолдо келе жаткан унаалар менен №1 шаардык ооруканага жеткирилген. Андан соң Бишкектеги тез жардам борборунун бригадалары тартылып, алар жабыркаган балдарды шаардык тез жардам ооруканасына алып кеткен.

Акыркы маалымат боюнча, төрт бала реанимацияга түшүп, алардын бири оор абалда.

Учурда кырсыктан жабыркагандардын тизмеси түзүлүүдө. Медициналык кызматкерлер тиешелүү жардам көрсөтүүдө.

Алдыда кененирээк маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM