Биз менен байланышыңыз

Балдардын жарандык паспорту үч жылдык мөөнөткө берилет

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 726 | 0

2019-жылдын июль айынан баштап Кыргызстандан чет өлкөгө чыккан 16 жашка чейинки балдарга паспорт берүү дүйнөдөгү акыркы тенденцияларга жараша киргизилген.

Балага төрөлгөндөн баштап эле биометрикалык жалпы жарандык паспорт берилет, аталган документ 3 жылга жарактуу болот.

10 иш күндүн ичинде берилген жалпы жарандык паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Даяр паспортту ата-эненин бири (өзүнүн паспорту жана баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү менен) же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты бар башка адам ала алат.

Балага паспорт алууда керектүү документтер:

— анкета-арыз (КТБ кызматкери тарабынан таризделет);
— туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө;
— 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору;
— ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу;
— төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Эскертүү:
Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет.

Copyright © 2017 Maral FM