Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Балдарга тандоо мүмкүнчүлүгүн мектеп курагынан берүү керек

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 1289 | 0

Билим берүү тармагындагы мыйзамдар келечекте жаштарга талап боло турган билимди берүүгө шарт түзүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын пикиринде, мектептен баштап балдарга тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү керек.

«Азыркы убактагы билимди бере турган болсок, ал 10-15 жылдан кийин керек болбой калат. Анткени ааламдашуунун алкагында заман тез өзгөрүп жатат. Дүйнө тарып баратат, биз андан артта калбашыбыз керек. Эң негизгиси, биз мектептен баштап балдарыбызга тандоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Өз пикирин айтканга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Анткени кичине чагынан баштап, өз пикирин айтып, тандоо мүмкүнчүлүгү болуп, адам өз алдынча чечим чыгара алса, мына ошол бала келечекте ийгиликтүү бала боло алат. Мына ошого көбүрөөк талап койсоңуздар. Анткени биз тилекке каршы, Советтер Союзундагы ыкмадан кала элекпиз. Өнүккөн мамлекеттердин тарыхын карасак, бардык мамлекетте билим берүү тармагын оңдогондо гана өнүгө алган. Башка жол жок, бул — аксиома». 

Мындан сырткары эл өкүлү качан гана билим берүү тармагын оңдоп, көп каражат бөлүп, жаштарга келечекте керек болгон билимди бере алганда гана коом, мамлекет өнүгө турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM