Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда мектеп курууда мамлекет 2 млн 970 миң сом зыян тарткан

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 676 | 0

2020-жылдын 24-августунда Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн жетекчилиги «К.С.С.» жоопкерчилиги чектелген коому менен Миялы айылына 60 орундуу мектеп салуу келишимин түзүп, мунун негизинде айыл өкмөттүн бюджетинен 7 130,4 миң сом бөлүнгөн.

Тыкыр иликтөөнүн натыйжасында мектеп имаратына пайдаланылган материалдардын баасын кымбат жазышканы, айрым жасалбаган иштерди да актыга киргизишкени белгилүү болду. Мунун кесепетинен мамлекет 2 млн 970 миң сом зыян тарткан.

Ош облусунун прокуратурасы 8-июнда бул фактыны Жазык Кодексинин 205-беренеси менен (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Copyright © 2017 Maral FM