Биз менен байланышыңыз

Атажанов: Кызыл-Кыяда 30 жылда бир да мектеп курулган жок

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 807 | 0

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер көтөрүлдү.

Депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарындагы эң негизги маселе мектеп экенин белгиледи.

Анын айтымында, Кызыл-Кыя шаарында 30 жылдын ичинде бир да мектеп курулган эмес.

«Биздин Баткен облусундагы ички миграция Кызыл-Кыя шаарына жайгашып жатат. Калктын саны күндөн күнгө көбөйүп баратат. Ошол эле учурда 2016-жылы Бам айылындагы бир мектепти куруу долбоору өкмөттүн планына кирген экен. сметасы 94 млн экен, анын 6,5 миллиону бөлүнүп, пайдубалы курулган бойдон калган. Ушул курулушту көзөмөлгө алып койсоңуздар», — деди Атажанов.

Ошондой эле ал Кадамжайдын Кара-Дөбө айылындагы Бабур атындагы мектептин окуучулары 100 жыл мурда курулган түрмөдө окуп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM