Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкекте канча мектеп жана бала бакча курулат?

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2021 | 1385 | 0

Быйыл Бишкекте 5 мектеп, 5 бала бакча курулат, тийиштүү документтер даяр. Бул тууралуу Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Апилов «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, Рухий-Мурас конушунда 700, Ак-Босого конушунда 660, Алтын-Ордо конушунда 480 орундуу мектептин курулушу башталат. Ак-Бата конушундагы мектепке кошумча имарат курулат.

Учурда 2 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Тагыраагы, Келечек конушунда 100, Арча-Бешикте 180 орундуу бала бакча салынууда.

Мындан тышкары Кара-Жыгач конушунда 140, Ак-Ордо конушунда 280, Дордой конушунда 140 орундуу бала бакча салынат.

Copyright © 2017 Maral FM