Биз менен байланышыңыз

Баланын өнүгүшүнө коротулган 1 доллар кийин 8 доллар болуп кайтып келет

Блог | 8 Дек 2021 | 834 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кыргызстан боюнча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачат. Мындай бакчалар мектепке чейинки билим берүү уюмдары жок, алыскы аймактарда уюштурулат.

Баланы эрте өнүктүрүүнүн экономикалык жактан күчтүү жана адилеттүү коом курууга кандай тиешеси бар? Түшүндүрөбүз:

Баланын мээси эрте куракта тез өнүгөт

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, эрте куракта баланын мээси адамдын жашоосунун башка мезгилине салыштырмалуу өтө жогору ылдамдыкта өнүгөт. Окумуштуулар баланын мээсинин мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, адамдын көндүмдөрүнүн 70%ы эрте куракта түптөлө турганын аныкташкан. Бул курак — бала төрөлгөндөн баштап жети жашка чыкканга чейинки мезгил. Мындан сырткары социалдык изилдөөлөр көрсөткөндөй, 7 жашка чейин көңүл бурулбай калган балага караганда, эрте өнүктүрүүгө көңүл бурулган баланын деңгээли бир топ жогору болгон.

Ушул аралыкта баланын өнүгүүсүндө өтө чоң өзгөрүүлөр болот: анын аң-сезими калыптанат, жаңы нерселерди бат кабыл алып, дүйнөнү тааный баштайт. Адамдарды, түстөрдү таанып, буюмдарды сырткы көрүнүшүнө карап (формасын, түсүн, көлөмүн ж.б.), айырмалоо жөндөмүнө ээ болот. Алар менен туура алектенүүнү үйрөнөт, жакшылык менен жамандыкты ажырата билет, адамзаттын эң чоң байлыгы – сүйлөөнү үйрөнөт. Жалпы жонунан айтканда, эрте өнүктүрүү баланын физикалык, психологиялык, эмоционалдык жана тил билүү жөндөмдөрүнүн калыптанышына өбөлгө түзөт.

Өнүгүүнүн бул ылдам процесси өзүнөн-өзү болбойт, организмдин жаратылыш берген табигый мүмкүнчүлүктөрү аркылуу ишке ашат. Бирок бир гана жаратылыш буга жетишсиз, баланы тарбиялап жаткан адамдардан кошумча аракеттер керек болот. 3-5 жашта баланын өнүгүүсү үзгүлтүксүз жана натыйжалуу болушу үчүн ага шык берип, жигердүүлүккө үндөө зарыл. Бул жараян бала бакчада ишке ашат.

Эрте өнүктүрүү баланын келечекте ийгиликтүү болушун шарттайт

Баланын бакчада алган тажрыйба менен билими — анын мээсинин өнүгүшүндөгү жана калыптанышындагы чечүүчү фактор. Эрте билим баланын ар тараптуу өнүгүшүнө жана келечекте ийгиликтүү адам болушуна өбөлгө түзөт.

Эрте куракта өнүктүрүү баланын мектептеги ийгиликтерине негиз салып, өспүрүм мезгилиндеги мүнөзүн түптөйт. Интеллектинин базалык компонеттери: өзүнө болгон ишеними, кызыгуусу, өжөрлүгү, өзүн-өзү көзөмөлдөө жана баалоо, башкалар менен карым-катыш түзүү, баарлашуу жана кызматташуу жөндөмдөрү калыптанат.

2017-жылы Кыргызстанда өткөн 10 жаштагы окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин улуттук баалоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, бакчага барган балдар бакчага барбаган балдарга караганда окуу, текстти түшүнүү жана математика боюнча жогору натыйжа көрсөткөн.

Баланын өнүгүшүнө коротулган 1 доллар кийин 8 доллар болуп кайтып келет

Балдардын эрте өнүгүүсү адамдык капиталга салынган эң үнөмдүү инвестициялардын бири катары каралат жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө алып келет. Нобель сыйлыгынын лауреты Жеймс Хекмандын изилдөөсү көрсөткөндөй, эрте куракта баланын өнүгүшүнө коротулган 1 доллар кийин 8 доллар болуп кайтып келет. Тактап айтканда, мектепке чейинки билим берүүгө инвестиция салуу менен мамлекет күчтүү экономика, адилеттүү жана өнүккөн коом кура алат.

Ар кайсы өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, эрте куракта өнүгүү — баланын дени сак, изденгич, тапкыч болуусуна, өнүгүүсүнө жана билим алуусуна пайдубал болуп берет. Ар бир бала татыктуу билимге мыкты шартта даярдалууга укуктуу, а биздин милдет — баланын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Copyright © 2017 Maral FM