Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда эки бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 29 мая 2021 | 741 | 0

Бүгүн 29-майда, Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу бала бакча салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Балдар бакчаларынын курулушу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо  Агентствосу (АРИС) тарабынан Рават айылындагы бала бакча үчүн  14млн сом каржыланып, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 048 923,59 сом салым болгон.

Ал эми Катраң айылындагы бала бакча үчүн, АРИС уюму тарабынан 11млн сом каржыланып, айыл өкмөтү жана жергиликтүү коомчулуктан 1 797 164,84  сом салым кошулган.

Copyright © 2017 Maral FM