Биз менен байланышыңыз

Сузактагы бала бакча мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 632 | 0

Сузак райондук прокуратурасы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Жалпы наркы 17 млн 568 миң сомго бааланган Ленин айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын 2 кабаттуу имаратын 42 сотых жери менен кошо «Ж.Ш.» акционердик коому мыйзамсыз менчиктеп алган.

Айтылган факты боюнча райондук прокуратура сот органдарына доо арыз менен кайрылган.

Сот арызды толук канааттандырып, бала бакча айыл өкмөттүн карамына өттү.

Copyright © 2017 Maral FM