Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча кайтарылды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 577 | 0

Нарын облусунун Ат-Башын райондук прокуратурасы тарабынан Ак-Моюн айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башы районунун «Кыргыз почтасы» мамлекеттик мекемеси «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуп, «Тамчы-Булак» муниципалдык бала бакчасындагы аянты 44,72 чарчы метр болгон эки бөлмөнү мыйзамсыз менчиктештирип алган.

Аталган объектилерди кайтаруу максатында райондун прокуратурасы 2021-жылдын 28-апрелинде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын атына сунуш киргизген.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчиктештирилген бөлмөлөр «Тамчы-Булак» бала бакчасына кайтарылды.

Copyright © 2017 Maral FM