Биз менен байланышыңыз

Баш прокурордун орун басарлары алмашты

Кыска кабар | 12 Авг 2021 | 379 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 11-августтагы жарлыгы менен башкы прокурордун биринчи орун басары Нуркамал Набиев кызматынан бошотулду. Анын ордуна Абай Молдокматов дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчы дагы жарлыгы менен башпрокурордун орун басары Рысбек Альчиновду кызматтан бошотту. Бошогон орундарга Кумарбек Токтакунов жана Кубан Адыл уулу дайындалды.

 

Copyright © 2017 Maral FM