Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Тергөө менен кызматташуу нормасы алынып салынды

Кыска кабар | 20 Ноя 2021 | 3220 | 0

2019-жылдын  январь айынан бери күчүнө кирген кодекстер элдин кызыкчылыгына каршы келет. Мындай оюн президент Садыр Жапаров 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтты.

Мамлекет башчысы 1-декабрдан баштап күчүнө кире турган кодексте азыркы кодексте орун алган тергөө менен кызматташуу деген норма алынып салынганына токтолду.

«Себеби, кылмышка шектүү катары каралган адамдардын бирөөсү кызматташууга макул болуп кылмыш жөнүндө маалымат берсе адамдын күнөөсү бар же жок экени такталбай туруп жоопко тартылып кеткенине күбө болуп жатасыздар. 2019-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жаткан бүгүнкү кодекстерди ким даярдаганы жана кимдер кандай кабыл алдырганын жакшы билесиздер. Биздин бүгүнкү заманыбызга, элдин кызыкчылыгына карама каршы келген кодекс болгон. Негизи, чынын айтсам, бүгүнкү иштеп жаткан кодекс силер үчүн урматтуу прокурорлор, тергөөчүлөр үчүн, биз үчүн, мына бийлик башындагылар үчүн эң ыңгайлуу кодекс”,-деди президент.

Бирок элдин кызыкчылыгы үчүн ал норма алынып салынгандыгын, муну мамлекеттик, элдин кызыкчылыгын жогору коюу аракети менен түшүндүрдү.

«Анткени түбөлүк эч ким жок. Менин дагы бийлигим бүтөт, кудайдын айткан күнү. Сиздердин дагы прокурорлук мөөнөтүңүздөр дагы аяктайт, пенсияга кетесиздер, заман өзгөрөт дегендей. Анан биз бир күндүк убактылуу кызыкчылык үчүн же жеке кызыкчылык үчүн жашабай, ошол коомго, мамлекет үчүн, коом үчүн жакшы иштерди жасап, тарыхта бир ак баракка жазылып калгандай болушубуз керек,-деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM