Биз менен байланышыңыз

«Кара-Жыгач» конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 533 | 0

Бүгүн, 26-июнда «Кара-Жыгач» конушунда бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Капсула салууга Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов жана конуштун жашоочулары катышты.

Жаңы курулуп баштаган бала бакча эки кабаттуу болуп, 140 бала ылайыкташкан.

Курулуш иштери менен «Олимп и КО» жоопкерчилиги чектелген коому алектент. Аталган компания тендерден жеңип алган.

Эскерте кетсек, бул жылы муниципалитет 5 бала бакча жана 5 мектеп курууну көздөп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM