Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук унааларды дезинфекциялоо күчөтүлдү

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 470 | 0

Борбор калаада санитардык-эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканына байланыштуу мэрия коомдук транспортторго профилактикалык иш-чараларды күчөттү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун колдоосу менен Бишкек транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынынын кызматкерлери кичи автобустарды, автобустарды жана троллейбустарды күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоону улантууда.

Күн сайын бир каттам аяктаган учурда автобустар менен троллейбустар ар тараптуу тазаланып, дезинфекцияланат: кармагычтар, отургуч туткалары, руль жана кире бериш эшиктер 1% хлорамин эритмеси менен жуулат.

Бардык коомдук транспортторду дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат жана улантылат.

Белгилей кетсек, айдоочулар күн сайын кылдат медициналык текшерүүдөн өтүп турушат, температура жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын белгилери байкалгандар каттамга чыгарылбайт.

Copyright © 2017 Maral FM