Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 625 | 0

Бүгүн, 17-майдан тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, суу 17-июнга чейин жок болот. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

«Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы калаанын батыш тарабын: Жал кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин конушун тейлет. Байланыш: 212906, 0701 777110 (WhatsApp).

Калган керектөөчүлөрдүн бардыгын ысык суу менен «Бишкек жылуулук тармагы » ААК камсыз кылат: 1980, (0312) 61-11-69.

Copyright © 2017 Maral FM