Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир жума ичинде 66 мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 522 | 0

Милициянын кайгуул кызматы 18-июндан 24-июнга чейин Бишкек шаарынын аймагынан 5 миң 691 жол эрежесин бузуу фактысын каттады.

Алардын ичинен:

  • Мас абалында автоунаа башкаруу — 66 айдоочу;
  • Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 7;
  • Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу — 48;
  • Автоээнбаштык — 2;
  • Башка жол эрежелерин бузуулар — 5 568.

Ар кандай бузуулар үчүн 428 унаа убактылуу айып аянтына токтотулду.

Copyright © 2017 Maral FM