Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Жума намазга тыюу салдык, а базарда миңдеген жаран беткабы жок жүрөт

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 4331 | 0

Бүгүнкү күндө эң актуалду маселе — баалардын көтөрүлгөнү. Кайсы жерге барба, бардык жерде баалар көтөрүлдү. Мал, тамак-аш, күндөлүк керектелүүчү азыктар көтөрүлдү. Көк деле, чөп деле көтөрүлдү, карапайым элдин кан басымы да көтөрүлдү. Көтөрүлбөгөн бир гана нерсе калды — кыргыздын намысы көтөрүлгөн жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Ошондой эле ал баалар көтөрүлүп жатса, Таласта сүттүн баасы түшүп кеткенин айтты. Бир литри 20 сом болуп жаткан сүттүн баасы 16 сомго түшүп кеткен.

«Чүйдө сүт 26 сомдон, биз дүкөндөн алып жаткан сүт 30-35 сомдон. Эмне үчүн мындай кескин түшүп кетти? Элдин эсебинен пайда көрүп жаткан ээнбаштарды монополияга каршы кызмат карашы керек. Айыл чарба министрлиги каякты карап жүрөт? Мына ушул эки жетекчиге чукул эскертиңиз, эмне үчүн бат түшүп кеткенин аныктап чыгышсын» , — деди Момбеков.

Мындан сырткары ал Бишкек шаары менен Чүй облусунда жума намаздарга коронавируска байланыштуу тыюу салып койгону менен унаа базарларда миңдеген жаран беткабы жок жүргөнүн кошумчалады.

Ошондой эле ал тандоо менен мамиле болбошу керектигин айтып, «Эмне үчүн мыйзамга чакырабыз да, ыймандан качырабыз?» деген суроо салды. Мектеп менен мечитке тыюу салып, базар менен тойканалар иштеп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM