Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бүгүндөн баштап жол кире кымбаттады

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 447 | 0

Бүгүн, 1-ноябрдан баштап Бишкек шаарындагы маршруттук таксилерге жол кире 15 сом болот. Бул боюнча мэрия берген сунуш шаардык кеңештин 28-сентябрда өткөн жыйынында каралып, көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Ал эми троллейбус, автобустарга жол кире 11 сомго көтөрүлөт.

Ошол эле учурда пенсионерлер, майыптар үчүн жол кире эртең мененки 8:00дөн кечки 21:00гө чейин маршруттук кичи автобустарга 8 сом, автобус, троллейбустар мурункудай эле акысыз болот. Окуучулар чоң жүргүнчүлөр сыяктуу эле төлөйт, болгону 7 жашка чейинки балдардан акы алынбайт.

Copyright © 2017 Maral FM