Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектеги Ашар көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери башталат

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 493 | 0

Эртең, 27-июндан баштап Бишкек шаарынын “Ак-Өргө” жаңы конушунун Ашар көчөсүндө Лушихин көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оңдолуп жаткан бөлүктүн узундугу 2,3 чакырым. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа өтүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт, сугат лотоктору орнотулуп, эки капталына туурасы 1,5 метр болгон тротуарлар төшөлөт.

Оңдоо иштерин ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Жол «Бишкек шаарынын көчө жана жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун (2-фаза) алкагында, Кытайдын грантынын эсебинен оңдолуп жатат.

Белгилей кетсек, Кытай тарабынан каржыланган «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында, Бишкек шаарында 70,87 чакырымга созулган 60 жолду реконструкциялоо, аянты 630 миң чарчы метр жол катмарын жаңыртуу, болжол менен 130 чакырым тротуарларды куруу, 46 миң ирригациялык лотокторду алмаштыруу пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM