Connect with us

Үч чоң шаардагы шайлоо: Кайра шайлоодо да кайталанчу каталар

Саясат | 14 Июн 2021 | 4601 | 0

Бүгүн, 14-июнда кайрадан шайлоо дайындалган үч шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер көрсөткөн партиялардын тийиштүү документтерин кабыл алуу аяктады. Анын ичинен Бишкек шаардык кеңешине 17 партия талапкер көрсөткөн. Эми аймактык шайлоо комиссиялары партиялардын тийиштүү документтерин текшерип, толук каттоо процесси 20-июнга чейин аяктай турганын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Маралга» кабарлады.

17 партия Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди

Төмөнкү партиялар шайлоого катышуу ниетин билдирип, атайын өкүлдөрүн каттатышты:

  1.  «Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
  2.  «Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
  3. «Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов;
  4.  «Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;
  5.  «Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;
  6.  «Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Осмонов;
  7.  «Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
  8.  «Жаңы мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А;
  9.  «Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
  10.  «Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
  11.  «Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
  12.  «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
  13.  «Жашыл Кыргызстан» партиясы — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;
  14.  «Күч бирдикте» коомдук-саясий партиясы — партиянын жетекчиси К.Абдивалиев;
  15.  «Улуу-Журт» — партиянын жетекчиси М. К. Орозбаев;
  16.  «Реформа» — партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова;
  17.  «Столица» демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Данияр Өмүрзаков.

Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 25 партия катышкан. Алардын ичинен  7% босого чектен «Эмгек», «Ак Бата», Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясы (КЭДП) , «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы КЭДП, «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларынын добуштарын жараксыз тапкан.

Шайлоодон өтпөй калган сегиз партия БШКнын алдына нааразылык акциясына чыгышып, айрымдары ачкачылык да жарыялашкан.

Мурунку шайлоодо экинчи орунду алган «Ак-Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев 11-июнда Фейсбук баракчасы аркылуу Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңештерине өткөрүлө турган кайра шайлоого катышпай турганын жарыялады. Анын себебин парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатышканы менен түшүндүрдү.

«Ак Бата» партиясы шаардык кеңештердеги кайра шайлоого катышпайт

Учурда партиялардын кайра шайлоого катышуусун каржылоо негизги маселе болуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов белгиледи. Анын пикиринде, бул жолку шайлоодо мурдагыдан айырмаланып, добуш сатып алуу катуу болбойт. Эгерде бул шайлоодо мыйзам бузуу аракеттери байкалса, анда алдыдагы парламенттик шайлоодо да ошондой аракеттер кайталанат.

— «Ыйман Нуру» партиясы катталбаганы менен анын кээ бир мүчөлөрү «Биздин Кыргызстан» партиясына мүчө болуп киришкен. Партиялар каржылоого байланыштуу катышпай калышы мүмкүн. Кээ бир партиялар каржылоосу жок болсо деле идеологиялык негизде чыгып жатышат. Алардын катарында «Реформа», «Социал-демократтар» партиясын айтсак болот. Ошол эле кезде жаңы партиялар көп чыкты. Мисалга алсак, «Келечек», «Биздин Кыргызстан» партиялары. Ошондой эле бийликке жакын партиялар чыгып жатат: «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы. «Эмгек» партиясы бийликке жакын болбосо да, каржылоо ресурсу өтө көп.

Мыйзам боюнча шайлоо жокко чыккандан кийин күнөөлүү тарап жоопкерчиликке тартылышы керек. Күнөөлүү адамдар жоопко тартылбаса, анда мурдагы эле мыйзам бузуулар кайра кайталанышы толук мүмкүн деп эсептейт Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова. 

Анын пикиринде, Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо күзүндө парламенттик шайлоо менен чогуу өтсө туура болмок.

— Буга чейинки шайлоодогу мыйзам бузуулар үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Ошол себептен кайрадан ошондой эле оюндар болуп кетиши толук мүмкүн. Мыйзамга эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизбей эле кайрадан шайлоо өткөрүү туура эмес. Менин оюмча, үч шаардын шайлоосу күзүндө, парламенттик шайлоо менен чогуу өтсө туура болмок. Анткени биз кышында, жазында да шайлоого чыгардык. Эми жайында да шайлоо болуп жатат. Күзүндө эл шайлоодон да чарчайт, өлкө ушундай абалда экенин билип, шайлоого аң-сезимдүү катышса бир жөн. Боршайкомдун курамы алмашып жатат, алардын иштөө мөөнөтү бүттү. Жаңы курамы шайлоо бүткөндөн кийин «ой шайлоо мыйзамдары бузулуп калган турбайбы» дебестен, учурунда чара көрүшү керек. Укук коргоо органдарынын да башчылары жооп бериши керек болчу. Анткени кылмыш ишин кылдырып жоопкерчиликке тарткан — эффективдүү эмес, алдын ала профилактика иштери жүрүшү керек.

Мындан сырткары ал мыйзамдын чабалдыгынан кайсы партиялар күнөөлүү экени аныкталбай калганын, шайлоодон баш тарткан партия мүчөлөрү башка партиянын тизмеси менен барып жатканын айтып, «Анда эмнеге шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардык?» — деген суроо салды.

Мыйзамга ылайык, шайлоодон четтетилген партиялар кайрадан шайлоого катышкан болсо, анда тизмеси толугу менен жаңыланышы керек. Ал эми шайлоо жыйынтыгынын жокко чыгышына себепкер болгон талапкерлер кайра шайлоого катышпашы керек. Ошол эле учурда башка партиянын тизмеси менен барууга да укугу жок.

Юрист Эржан Кайыпов белгилегендей, биринчи жолу шайлоо жайдын ортосунда болуп жатат. Бул мезгил Ысык-Көлдөгү курорттук сезондун так ортосуна дал келгендиктен, шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн болушу күтүлүп жатат. Ошол эле учурда мурдагы шайлоодо мыйзам бузуулардын алдын алуу иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан улам бийликти шайлоону таза өткөрүүгө 100% кызыкдар деп айтууга болбойт. Бул жолу шайлоо мурунку шайлоонун жокко чыгарылышынын анык себебин көрүүгө мүмкүндүк берет.

— Бул жерде бийлик ресурсун бөлүштүрүүдөн пайда болгон келишпестиктен улам шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылдыбы же чындап шайлоодогу мыйзам бузуулар жана жарандык коомдун нааразычылыгынан улам жокко чыгарылдыбы? Мына ушуну биз келе жаткан шайлоодо көрөбүз. Бирок менин оюм боюнча, радикалдуу өзгөрүүлөр болбойт. Мисалы, партиялардагы тизменин өзгөрүшү, жаңы жүздөрдүн келиши, мыйзам бузуулардын катталбашы деген күтүүлөр акталбайт. Мисалы, бир талапкер четтетилсе, андан кийин шайлоонун жыйынтыгы ошол талапкердин күнөөсү менен четтетилсе, ал талапкер кайра шайлоого катыша албайт. Бир канча партия четтетилди, бирок мыйзам боюнча партия кайра катыша албайт деген жобо жок.  Партия четтетилсе, демек толук тизме четтетилиши керек. Ал партиялар кайра шайлоого катышууга толук укуктуу, бирок тизме толугу менен өзгөрүшү керек. Эгерде ошол эле партия ошол эле тизме менен же ошол талапкерлер башка партия менен барса, анда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгы максатына жетпеген болот. Анда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы мыйзам бузуулар үчүн эмес, башка себептер үчүн болгон болуп калат. Мына дал ушунун жыйынтыгын келерки шайлоодо көрөбүз.

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт. Кайра шайлоону өткөрүүгө бул жолу 48 миллион 344 миң сом жумшалмакчы.

Алдыдагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын катышуусу төмөн боло турганы күтүлүп жатканын, шаардын төрт жылдык тагдырын билинбеген депутаттар чечип, бул негизги трагедияга айланышы мүмкүндүгүн журналист Семетей Аманбеков белгиледи.

— Эгерде мурда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого катышкандардын саны аз болду десек, азыркы боло турган шайлоодо катышуу андан да төмөн болот. Анткени азыр жай: элдин баары көлгө барат, тоого чыгат жана негизи эле эл шайлоодон чарчады. Парламенттик шайлоо, андан кийин президенттик шайлоо, 2 жолку референдум, жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Ошол шайлоолорго эл тойду деп ойлойм. 120 миң адам шайлоого келсе, кайрадан 4-5 партия босого баллдан өтсө, ошондо бир партия максимум 20-30 миң добуш ала алат экен деп эсептедим. Бир миллион калк жашаган шаардын тагдырын 20 миң добуш алган партия чечип калат экен. Келген кишинин 7%ын алуу үчүн 100 миң адам шайлоого катышса, 7 миң добуш алышы керек болуп калат. Тууган-туушкандары эле келип добуш берип койсо, өтүп кете турган болуп жатат. Мына ушул нерсе чоң көйгөй жаратып жатат.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталгандыктан Токмок, Ош, Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM