Биз менен байланышыңыз

17 партия Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди (аудио)

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 837 | 0

Бүгүн, 14-июнга карата Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 17 партия атайын өкүлдөрүн каттатты. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Маралга» кабарлады.

Партиялардын тийиштүү документтерин кабыл алуу 13-июнда аяктады. Эми 20-июнга чейин аймактык шайлоо комиссиялары документтерди текшерип, каттоо процесси толугу менен аяктайт.

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленди. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт.

Кайра шайлоону өткөрүүгө бул жолу 48 миллион 344 миң сом жумшалат.

Төмөнкү партиялар шайлоого катышуу ниетин билдирип, атайын өкүлдөрүн каттатышты:

1. «Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;

2. «Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;

3. «Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов;

4. «Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;

5. «Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;

6. «Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Осмонов;

7. «Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;

8. «Жаңы мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А;

9. «Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;

10. «Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;

11. «Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;

12. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;

13. «Жашыл Кыргызстан» партиясы — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;

14. «Күч бирдикте» коомдук-саясий партиясы — партиянын жетекчиси К. Абдивалиев;

15. «Улуу-Журт» — партиянын жетекчиси М. К. Орозбаев;

16. «Реформа» — партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова;

17. «Столица» демократиялык партиясы — Данияр Өмүрзаков.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталгандыктан Токмок, Ош, Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкекте эң көп добуш алган Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (НДПК), «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларынын добуштары жараксыз деп табылган.

Copyright © 2017 Maral FM