Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Айылда жумушсуздукту жоюу үчүн тигүү цехтерин ачууга туура келди

Коом | 17 Сен 2021 | 999 | 0

Кыргызстандын Чүй облусунда социалдык тигүү цехтерин ачууга багытталган KyrgyzAiylTextile долбоору ишке ашырыла баштады. Анын демилгечиси экономист Эльдар Абакиров мындай кадамга барууга айылдардагы жумушсуздук себеп болгонун «Маралдын» эфиринде билдирди.

Айылдагы эжелерде айына 25-30 миң тапканга мүмкүнчүлүк бар

Ал жумушсуздук, миграция көйгөйүн чечүүнүн үстүндө көп ойлонгонун айтат. Бишкектеги тигүү цехтеринен, орусиялык буюртмачылардан тигүүчүлөрдүн жетишсиздиги курч турганын угуп, акыры өзү туулуп-өскөн Кегети айылында чакан цех ачууну чечкен. Өзү иниси жана эжеси менен 10 жылдан ашык убакыттан бери цех иштетип келе жаткандыктан, бул тармакты жакшы билет.

«Айыл өкмөткө барып, «оор шартта жашаган 10 үй-бүлөнү тандап бергиле» дедим. Аларга өзүбүздүн цехтен 4-5, башка жактан 4-5 мурун колдонулуп жүргөн тигүүчү машиналардан алып бердим. Айыл өкмөт көптөн бери бош турган бир бөлмөнү берди. Ишти баштаганыбызга 5-6 күн болду. Ошол күн аралыгында ар бир айылда 10-15 жылдык тажрыйбасы бар тигүүчү эжелер көп экенин көрдүм. 10 киши алсам, анын бешөөсүнүн мол тажрыйбасы бар экен. Аларды борбордогу тажрыйбалуу цехтерге алып келип, текшерип көрдүк. Эми өздөрүнчө буйрутма алып башташты. Бишкекте орто тиккен тигүүчү айына 25-30 миң сом табат, жакшы тиккендер 40-50 миңге  чейин табат экен. Айылдагы адамдардын күндүз бош убактысы көп. Ошону туура пайдаланса, балдарынын жанында отуруп акча тапканга мүмкүнчүлүк болот». 

Анын айтымында, бренддин максаты –коомду бириктирүү.

«Мен муну «кооператив» деп атап жатам. Ар бир машинкасы бар эже кооперативдин мүчөсү, ичинде да өзүнчө ишкер. Тигүүчү машинанын жарым акчасы менден жардам болсун деп жатам, жарым акчасын иштеп тапканда, кайтарып беришет. Ал акчага мен кайра машина алып, тегеректеги айылдарга да ушундай цехтерди жайылталы деген ой бар». 

Чакан тигүү цехин ачууга 100 миң сомдой кетет

Айылдагы тигүүчү эжелер менен Орусиядагы же Кыргызстандагы буйрутмачыларды байланыштырып койсо, бул тармакта миллиондогон-миллиарддаган акчалар бар. Анын айтымында, долбоор жөнүндө уккандар башка айылдарда да цех ачып берүү же ишти баштоодо жардам берүү өтүнүчү менен көп кайрылып жатышат.

«Бул көйгөйдү чечсе болот. Бир топ жакшы идеялар бар. Негизинен чече турган 3 маселе бар: биринчиси, айылдагы тигүүчү эжелер менен Орусиядагы же Кыргызстандагы «заказчиктер» ортосунда туруктуу байланыш түзүү; экинчи маселе, логистика, же бычылган кездемени убагында жеткирип берүү; үчүнчү маселе, буйрутманын убагында жана сапаттуу тигилишин көзөмөлдөө».

Экономист чакан тигүү цехин ачууга 100 миң сомдой каражат кетерин белгилеп, муну жергиликтүү эл өзү деле ишке ашырса болорун кошумчалады.

«Биринчи максат өз жаныңарды багып кеткиле, экинчиден, колдон келсе, чоң ишкерге айлангыла. Мен буйрутмачылар менен логистиканы жолго коюп, ишти уюштуруп берейин».

Айылдагы тигүү цехинде окуучулар үчүн ийрим бар

Чүйдүн Кегети айылында ачылган социалдык тигүү цехинде окуучу кыздар кийим тиккенди үйрөнө алышат. Ал айылда жаңы ишин баштаган тигүүчү цех мектептин жанында жайгашкандыктан, 10-11-класстын кыздарына тигүү ийримин да ачып берип жатышканын айтты.

«Каалоочулар жумасына 3-4 жолу барып, 1-2 сааттан үйрөнсө болот. Азырынча биз өзүбүздүн тигүүчүлөрдү тажрыйбалуу цехтерге алып барып, үйрөтүп жатабыз. Кийин кесиптик лицейлер менен деле иштешсек деген ой бар. Кыргызстандын азыркы экономикалык өнүгүү этабында бул тармак дагы деле катуу бутка тура турган тармак. Изилдөөлөр боюнча, ИДП адам башына 1000-5000 доллар болгон кезде бул тармак тез бутка турат. 5 миң сом – 25 миң сом. Айылда иштеген эже бул акчаны бир айда эле таба алат. Иштеткен машинкасын бир айда эле кенен актап коёт. Экинчи, үчүнчү айда таза кирешеге өтөт. Болгону ал үчүн туруктуу тапшырык керек, сапаттуу тигип бериши керек».

Copyright © 2017 Maral FM