Биз менен байланышыңыз

Төрт партиянын лидери жергиликтүү кеңештин шайлоосуна бирге барат

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 1453 | 0

Төрт партиянын лидери: Эльдар Абакиров, Дастан Бекешев, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова өз күчтөрүн жергиликтүү кеңештин шайлоосуна бириктирип жатат. Бул тууралуу Эльдар Абакиров маалымдады.

Жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн бириккен саясатчылар эртең, 18-февралда маалымат жыйын берет. Анда биригүү жөнүндө меморандумга кол коюу жана бирдиктүү партия катары Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуусу, ошондой эле партиялардын лидерлери менен өкүлдөрүнүн жалпы максаттары жөнүндө журналисттерге жана коомчулукка кенен маалымат берери күтүлүүдө.

Иш-чара Бишкектеги мейманкалардын биринде саат 14:00дө өтөт.

Белгилей кетсек, жогоруда аты аталган саясатчылардан Эльдар Абакиров, Аймен Касенов, Клара Сооронкулова 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон. Ал эми Дастан Бекешов учурда Жогорку Кеңештин депутаты.

Copyright © 2017 Maral FM