Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова IT-ишканаларын бириктирүү саясаты боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Апр 2021 | 697 | 0

Бийлик IT-ишканаларды бириктирүү менен аябагандай одоно катачылык кетирип жатат. Мындай пикирин «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, баарын бириктирип коюу туура эмес, административдик реформа мындай жүрбөйт.

«Биринчиден, функционалдуу анализ кылып, чоң изилдөө жүргүзүп чыгуу керек эле. Бир күн 8 сааттан иштешсе, ошол 8 сааттын ичинде бир кагазды экинчи столго которуп коюу менен гана алектенген кызматкерлер аябай көп азыр. Ошон үчүн функционалдуу анализ жүргүзүп туруп, «Эмне иш кылып жатат? Эмнени кыйратып жатат? Кандай функцияларды аткарып жатат?», — деп, ар бир позицияны иликтеп чыгышы керек. Андан кийин иликтөөнүн негизинде 30% мамлекеттик кызматтар жоюлмак. Бирок мындай ыкма менен жойбой эле, баарын бир жерге, бир мекемеге бириктирип койгону – жакшы көрүнүш болгон жок. Мындан улам башаламандык жаралып жатат. Мамлекеттик кызматкерлер өздөрү да: «Абдан татаал, чоң структура болуп калды, башкара албай жатабыз», — деп жатышат», — деди Сооронкулова.

Ошондой эле ал IT-тармагындагы кызматкерлердин айлык маянасы 130 миң сомдон жогору болушу керектигин айтат. Себеби аларга жетиштүү деңгээлде төлөнүп берилбесе, анда программисттерди кармап калуу кыйынчылык туудуруп, көпчүлүгү чет өлкөгө кетип калат. Ал жакта эң аз дегенде 5 миң доллар төлөнөт.

Бийликтин IT-тармагын реформалоо аракети

Кыргызстанда беш IT-ишканасы бириктирилет

Copyright © 2017 Maral FM