Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда беш IT-ишканасы бириктирилет

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 686 | 0

Кыргызстанда мамлекеттик беш IT-ишкананы бир мекеме катары бириктирүү пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Өкмөттүн аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков кабарлады.

IT-ишканаларын бириктирүү штаттык бирдиктерди кыскартуу максатында жасалат.

23-апрелде санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында иш алып барган беш мамлекеттик ишкананын жетекчилери кызматтан алынганы кабарланган.

Тагыраагы,  «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева, «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасынын директору Руслан Токочев, «Соцсервис» ишканасынын жетекчиси Аман Абдылдаев, «Укуктун» башчысы Улукбек Юсупов кызматтан бошотулган.

Андан тышкары «Транском» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Дыйканбаев Санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Бийликтин IT-тармагын реформалоо аракети

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM