Биз менен байланышыңыз

Бийликтин IT-тармагын реформалоо аракети

Коом , Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 1038 | 0

Акыркы учурдагы IT-тармагындагы реформалар коомчулукту тынчсыздандырууда. Айтсак, төрт күн мурда 5 IT-ишкананын жетекчилери кызматтан алынды. Мындан кийин өлкөдөгү санариптештирүү абалы кандай нукта өзгөрөт? Бул маселеге алдыда кененирээк токтолобуз.

Өлкөдөгү санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында иш алып барган беш мамлекеттик ишкананын жетекчилери кызматтан алынганы ар кандай суроолорду жаратууда. Азырынча бул иштин себеби айтыла элек.

Өкмөт «бардык мамлекеттик ишканаларды бир жерге борборлоштуруу зарыл» деген чечим чыгарды. Бул тууралуу айткан юрист Таттыбүбү Эргешбаева  жакынкы арада өзгөчө көп жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй адистерди, жетекчилерди иш орундарынан алып, аягында ишканаларды жокко чыгарып, баарын мамлекеттин карамагына, өкмөткө тиешелүү комитет же болбосо министрликке кошуп коюу максатын көздөп жатканына тынчсызданат. Ал өкмөттүн мындай чечими алдыда кандай жагдайларга алып келерине токтолду.

«Ушул сыяктуу көрүнүштөр келечекте биринчиден, башаламандыкка жана бир топ көйгөйлөргө алып келет; экинчиден, ушунча убакыттан бери чогулткан жетишкендиктерди артка тартат; үчүнчүдөн көзөмөл кайрадан мамлекет тарабында болуп, коммерция кылууга мамлекеттик ишкана катары көптөгөн укуктар чектелип жатат. Жыйнтыгында, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан ортодо кандайдыр бир абсолюттук монополиялык аракеттер түзүлүп жатат. Бул — өлкө үчүн абдан жаман, начар көрүнүш». 

«Интернет саясатындагы жарандык демилге» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиеванын пикиринде, бардык ишканалар бир түзүмгө айланса, бир топ көйгөй жаралат.

«Жакында кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы боюнча бардык нерсе президенттин башкаруусунда «борборлоштуруу» функциясы бар. Демек, президент бардык бийлик бутактарын, өлкөдө болуп жаткан маселелерди толугу менен президенттик институттун алкагында борборлоштуруп жатат. Санарип тармагын салмактуу тармак деп бааласак болот. Ошонун жыйынтыгында бүгүн бийлик бир гана мамлекеттик ресурстарды, жөнөкөй тоо кен байлыгын же кадрдык мүмкүнчүлүктү эле эмес, санарип тармагын да борборлоштуруу аракетинде болуп жатат. Бул — бийлик үчүн жакшы нерсе, бирок эл үчүн, өлкө үчүн өтө жаман көрүнүш, башкача айтканда, алдыга карай кыймыл болбойт». 

Жакында эле 5 IT-тармагынын жетекчилеринин кызматтан кетиши дал ушул жагдайларга байланыштуу экенин кошумчалады Мамбеталиева.

Жеке ишкер Нурсултан Кубанов бардык министрликтердин жана мекемелердин 80%ын санариптештирүү жолуна өткөрүү зарыл экенин белгиледи. Тилекке каршы, бюрократиялык системанын кесепетинен алдыга жылууга, эффективдүү менеджмент жүргүзүүгө чоң тоскоолдуктар бар экенин маалымдады.

Кубановдун айтымында, Кыргызстандагы IT-тармагында дарамети аябагандай чоң, бирок тилекке каршы, азыр өсүп келе жаткан муунда, жаштарда толук кандуу түшүнүк болбой жатат. Эгерде 8% жаштар техникалык кесиптерге тапшырса, 2%ы гана IT-тармагын тандайт. Ал мындай санариптештирүү багытындагы кризистен чыгуунун жолдорун атады.

«Менин оюмча, азыр болгон маселелерди эртерээк түшүнүп көрүп, жаш кадрларды мамлекетке тартып, бул тармакты түшүнгөн мыкты адис, менеджерлерди тартып келип, аларга мүмкүнчүлүк берүү керек. Ошол эле азыр бизде канчалаган ITтармакта иштеген компания, уюмдар бар, алар менен да тыгыз иштешүү керек. Пилоттук режим же балким пилоттук система иштеп чыгып, жок дегенде бир министрликтин 80%ын санариптештирүү жолуна салып көрүү керек. Санариптештирүү тармагына өзгөчө басым жасоо керек. Эгерде көп нерсени санариптештирип алсак, бизде штаб, жумуш орундар азаят, себеби ошол эле жумушту атайын программалар, роботтор жасап калат». 

Белгилей кетсек, буга чейин ар кандай мамлекеттик ишканалардын иштеши бир нече технологиялар менен тажрыйба жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берчү. Алсак, эмнелер жакшы иштеп, эмне иштебей турганын көрүп, чыгымдарды азайтып же көбөйтүү үчүн анализ жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Учурда баары бир ишкана болгондуктан, мындай эксперименталдык тажрыйбаларды жүргүзүүгө шарт болбойт. Тактап айтканда, өлкөдө санариптештирүү жана IT-тармагындагы көп иштерге бут тосуулар болуп, кыйынчылык жаралат.

Copyright © 2017 Maral FM