Биз менен байланышыңыз

«Бизге пайдалуу мамлекет менен иштеше берүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Янв 2021 | 895 | 0

Кыргызстанга кайсы мамлекет пайдалуу болсо, иштеше берүү керек. Мындай пикирин экономист Эльдар Абакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коңшу мамлекеттер менен пайдалуу аласа-береселерди күчөтүү зарыл.

Мындан сырткары өкмөт ишкерлердин маселесин алдын ала чечүүнү үйрөнүшү кажет. Ошондо ишканалар көбөйүп, экономика өсөт. Натыйжада жумушчу орундар түзүлүп, чогултулган салыктын көлөмү жогорулайт.

«Аткаруу бийлиги мүмкүн болсо, базарларды кыдырып, ар бир ишкер менен сүйлөшүп чыгуусу зарыл. Алар ишкерлерге тийиштүү шарттарды түзүп берсе, 1000ден 200 ишкерди өндүрүшчүгө айланта алсак, миңдеген жумуш орундары пайда болот. Ошол эле учурда өкмөт ар бир ГЭСти изилдеп чыгып, инвсторлорго маалымат бериши керек. Ар бир тармакта чоң-чоң кирешелер бар», — дейт Абакиров.

Ал белгилегендей, Кыргызстан кышты туризмди өнүктүрүп, ири киреше тапса болот. Өлкөдө бир нече жерге лыжа базаларын курууга болот. Бирок ишенимдин жоктугунан инвесторлор келбей жатат.

Copyright © 2017 Maral FM