Биз менен байланышыңыз

Абакировдун платформасы: Эффективдүү президент, бажыны реформалоо, децентрализация

Шайлоо-2021 | 6 Янв 2021 | 1365 | 0

«Марал» радиосу 10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин платформасын угармандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Эльдар Абакировдун платформасындагы негизги багыттарды баяндайбыз.

Өзүн экономист-практик деп тааныштырган Эльдар Абакиров элдин чыныгы колдоосуна ээ болгон, тажрыйбалуу кадрларды иштемейинче, эң башкысы адилеттүү иштеген бийлик орномоюнча өнүгүү болбойт деген пикирди карманат. Өлкөнү бир адам башкаруусун туура көрбөйт, ошол себептүү парламенттик башкарууну жактайт.

«Элдин башын Конституциялык реформа менен айлантып жатканыбызда, медиктерибиз 3 тыйынга өмүрүн сайып, адамдарды куткаруу менен алек! Баары айтат – бизге акысыз жана сапаттуу тейлеген медицина керек деп, ага биз качан жетебиз? эгер мынтип бюджетибиз тешик, экономика менен алектенген киши жок болсо? Популизм, саясат менен алектенип, кайсы арыбызга мактанабыз биз байыркы улуу элбиз деп?

Ооба, Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл.  Биз аны жасайбыз! Бирок азыр эмес! Бир адамдын колуна эбегейсиз бийликти берүү үчүн эмес! Азыр бул реформага канча энергия жана күч коротобуз? Мунун эмне кереги бар? Азыр ушул Конституция менен деле жакшы жыйынтык көрсөтсөк болот», — дейт Абакиров.

Өзүнүн программасында жазгандай, Президент өз ишинде натыйжа көрсөтүү башкы орунда болушу керек жана ал тартиптин, тынчтыктын, коопсуздуктун кепили болуусу зарыл. Ошондой эле ал мамлекеттик резиденция жансакчыларына таянбастан, өзүнүн билимине, тажрыйбасына жана таза адамдардан турган командасына таянышы зарыл деп эсептейт. Мындан улам, таза, прогрессивдүү иш алып барган кадрларды, аброю таза кесипкөйлөрдү ишке тартууну максат кылат.

Эгер талапкер шайлоодон утуп чыкса, элдин добуш берүүсү аркылуу люстрация иштерин жүзөгө ашырат. Коррупциялашкан, жеке кызыкчылыгы менен, куру амбициясы менен кызматка баргандар толугу менен мамлекеттик кызматтан четтетилет. Ошондой эле борбордук бийликтин ыйгарым укуктарын жергиликтүү бийликтерге бөлүп берип, борбордон ажыратууну (децентрализация) жүргүзөт. Люстрация саясаты да шайлоо аркылуу жүрүп, жергиликтүү эл өз бийлигин өзү шайлашы керектигин туура көрөт.

Ал эми экономика тармагында адистер менен жылдык этаптарга бөлүп, бирдиктүү стратегияны кабыл алуу зарылдыгын жазат. Анын алкагында жергиликтүү салыктарды эффективдүү колдонуу үчүн турукташтыруу системасын киргизип, салык, айып пул, бажы салыктарын төгүүнү автоматташтырат. Аткарган ишинин жыйынтыгында инфраструктураны жакшыртуу, жаңы инвесторлорду тартып, жаңы жумуш орундарын түзүүнү колго алат.

Сот реформасы боюнча: соттук процесстердин баары элге ачык болуусу үчүн онлайн өтүшү керек деген пикирде. Мындан сырткары сотторду көз карандысыздыктан чыгаруу үчүн президентти сотторду тандоо жана шайлоо укугунан ажыратыш керек.  Эгер аларды бир адам тандап жатса, анда алар көз карандысыз боло албайт. Соттор качан гана өзүнүн бюджети, квалификациясы боюнча тандап ала турган өзүнүн соттук коллегиясы болгондо жана анын баары ачык айкындуулук менен жүрүп, эл көз салып турганда гана көз карандысыз боло алат, — деп жазылат Абакировдун платформасында.

Ал экономиканы көтөрмөйүн, өлкөдө башка маселелер чечилбейт деп эсептейт.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил СегизбевАдахан МадумаровАймен КасеновАрстанбек АбдылдаевБабыржан ТөлбаевБактыбек КалмаматовЖеңишбек БайгуттиевИмамидин ТашовКанатбек ИсаевКаныбек Иманалиев, Клара СооронкуловаКурсан АсановМыктыбек АрстанбекРавшан Жээнбеков, Садыр Жапаров жана Улукбек Кочкоровдун программасы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM