Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун платформасы: Президенттик башкаруу, элдик курултай

Шайлоо-2021 | 5 Янв 2021 | 1316 | 0

«Марал» телерадио компаниясы 10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин платформасын угармандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Садыр Жапаровдун платформасындагы негизги багыттарды баяндайбыз.

Садыр Жапаров өз платформасында жазгандай, партиялык системанын Башмыйзамда жоопкерчилиги каралбагандыктан саясий согуштун, башаламандыктын талаасына айланды. Ал өлкөгө президенттик башкарууну алып келүүнү туура көрөт. Мындан улам Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, президенттик шайлоо менен бирге референдумду кошо өткөрүү аракетин көрүүдө. Анда «президенттик башкаруу» же «парламенттик башкаруу» деген эки гана тандоо коюлат. Эгер шайлоодон утуп чыкса, президенттин ыйгарым укуктары кеңейип, мамлекеттин тышкы саясатынан баштап, ички чарбалык ишмердүүлүгүнө чейин толук кандуу иштешине жооп берет. Мындан тышкары 90 депутаттан турган парламент түзүп, анын үчтөн бирин бир мандаттуу аймактардан шайланып келе турган кылат. Мунун менен катар Башмыйзамды өзгөртүү менен Курултай институтун киргизет. Анын мүчөлөрү жыл сайын бийликтин өкүлдөрүнө элдин сунуштарын берип турат. «Бул — эл менен бийликтин тең салмактуулугун камсыздап турат» деген ойдо.

Ал эми соттордун ишмердүүлүгүн конституциялык деңгээлде кайра кароону жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыздоону убада кылууда.

Министрликтердин жана мекемелердин санын натыйжалуулугу боюнча ылайыкташтыруу зарылдыгын айтат. Кадрлардын алган билими жана тажрыйбасы сөзсүз түрдө ээлеген кызматына шайкеш келүүгө тийиш.

Жапаров өлкө башына келсе, органдарда люстрация ишин жүргүзүп, 5 жыл ичинде укук коргоо органдарынын курамын 50 %га жаңырта турганын жазган. Милициянын ишинде жогорудан төмөн башкарылган «ишмердиктин натыйжалуулук планын» жоюп, жаза кодексинин «оор эмес» беренелерин криминалдаштыруудан арылтууну колго алат. Күч органдарынын ишкерлерге кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн нормативдик жактан чектөө, шарттарды жакшыртуу, камалгандардын санын кыскартуу, криминалдаштыруудан арылтылган беренелер боюнча мунапыс жасоо, профилактикадан өткөрүү жана жаза мөөнөтүн абакта өткөрүүнүн ордуна күнөөсүн актаганга шарт түзүү, булар — Жапаровдун алдыга койгон максаты.

Ал эми тышкы кредиторлор менен мамлекеттик карыздын түзүмүн өзгөртүү жөнүндө сүйлөшүүлөргө барат. Ал эми экономика багытында, ишкердикти текшерүүлөргө мораторий киргизип, аларды колдоо, сырьёлук эмес экспорт багытындагы бизнеске колдоо көрсөтүү, энергетикалык таңкыстыкты жоюу программасын ишке ашыруу, кендерди иштетүү боюнча түзүлгөн келишимдерди улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен кайрадан карап чыгуу чараларын жазган. Жаңы технологияларды жана товарларды чыгаруу, рыноктордун коньюнктурасын өзгөртүү боюнча билимди жайылтуу зарыл. Билимдүү, иш билги жаштарды өлкөнүн каржы системасына реформа жасоого үндөйт. Бул үчүн билим берүү тармагын да реформалап, мезгилдин ыргагында жаңы экономиканын талабына ылайыктоону зарыл деп эсептейт. Бул багытта заманбап адистеги кадрларды даярдоону колго алат. ЕАЭБ алкагында соода, экспорттук кубаттуулукту арттыруу программасын ишке ашырат. Ошондой эле калктын саламаттыгына кам көрүү тармагына жумшалуучу бюджеттик чыгымдардын үлүшүн эки эсеге көбөйтүүнү туура көрөт.

Мындан тышкары маданий кайра жаралууну жасап, «Кыргыз маданияты», «Кыргыз дүйнө таанымы», «Кыргыз этнопедогогикасы» деген илимий багыттарды өркүндөтөрүн айтууда. Улуттук каада-салт, адеп-ахлак, тарбия-таалим маселелерин ырааттуу тартипке келтирип, түрдүү ыкмада элге жайылтып, көчмөн маданиятты бүткүл дүйнөлүк маданиятка көтөрүүнү мерчемдейт.

Сөз эркиндиги биздин өлкөдө мындан ары да кол тийгис баалуулук бойдон калат.

Copyright © 2017 Maral FM